• 88.68
  • 95
  • 0.95

Биринчи май акимчилигинде кезектеги пландык кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Биринчи май акимчилигинде башчы Жамалбек Ырсалиевдин төрагалыгы алдында кезектеги пландык кеңешме өттү.

Райондук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга райондук кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана МАБдын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде №16 МАБдын 2021-жылы аткарылган иштеринин жыйынтыгы жана 2022-жылга карата пландары, күз-кыш от жагуу мезгилинин өтүшү, 1-класста электрондук каттоодон өткөрүү маселелери каралды.

Район башчысы МАБдын баяндамасын уккандан кийин Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында көрктөндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Айта кетсек, үч жаңы конушта 32332 адамды камтыган 7712 кожолук бар.

Райондо «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 21 отканасы иштеп жатканын коммуналдык кызматтардан билдиришти. Район боюнча 1 саламаттык сактоо мекемеси, 14 мектеп, 2 бала бакча, 1 университет, 6 бюджеттик мекеме, 4599 абонент бар.

«Факел» отканасынын 198 метр узундуктагы эскирген жылуулук тармактары алмаштырылды.

Батыш РЭС линиясы боюнча 84 көмөк чордон (ТС) оңдолуп, 10 679 метр узундуктагы аба электр берүү чубалгылары (ВЛ-6/10 кВ) тартылып, “Ак-Босого” конушунда Бухара көчөсүнүн боюндагы ТП-1985 жана ТП-1325 көмөк чордондорунун иштешин камсыз кылуу үчүн кошумча көмөк чордондор орнотулду.

«Бишкекжылуулуктармактары» ААК тарабынан 1127 метр жылуулук түтүктөрү алмаштырылды. Өткөн жылы 215 авариялык абал катталып, алар тез арада жоюлган.

Райондук билим берүү борборунан билдиришкендей, 2022-жылдын 11-апрелинен тарта мектепке электрондук кабыл алуу башталат. Каттоо эки этап менен туруктуу катталып жашаган жери боюнча үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен 24-июнуна чейин, ал эми факт жүзүндө жашаган жери боюнча 2022-жылдын 4-июлунан 26-августуна чейин экинчи этабы жүргүзүлөт.

Баланын 1-класска кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү тиешелүү тастыктоочу документтерди мектепке үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тартып 15-сентябрынан кечиктирбестен тапшырышы керек.

Белгилей кетсек, 2022-2023-окуу жылына баланы 1-класска кабыл алууга онлайн арыз берүү үчүн https://mektep.edu.gov.kg/ сайтына кирүү керек.

Пикир

Оставить комментарий