• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлгө 1000 МВт күн электр станциясын куруу боюнча жыйынтыктоочу сүйлөшүүлөр өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунда 1 ГВт күн электр станциясын куруу боюнча China Power International Development Limited (CPID) жана China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G) консорциум компаниялары менен келишимдин акыркы шарттарын макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргызстандын президентинин үстүбүздөгү жылдын май айында Сиань шаарына (Кытай Эл Республикасы) жасаган иш сапарынын алкагында бул инвестициялык долбоор боюнча макулдашуунун алдын ала шарттарына кол коюлган.

"Андан бери тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүп, чоң көлөмдөгү иштер жасалып, Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылына кубаттуулугу 1 ГВт болгон күн электр станциясын куруу үчүн ири инвестор келип жатканы бизди абдан кубандырат", - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле инвестициялык макулдашууну бекитүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандан кийин КР министрлер кабинети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынаарын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар инвестициялык келишимди парафировкалашты (Эл аралык макулдашууну даярдоого катышкан тараптар алдын ала кол коюшту, иштелип чыккан текст ыйгарым укуктуу тарабынан жактырылды), ага ылайык инвестициянын көлөмү 800 млн АКШ долларын түзөт, 500дөн ашык жумушчу орун түзүлөт жана Тору-Айгыр айылынан Кемин көмөкчордонуна чейин 80 чакырым 500 кВт жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат.

Пикир

Оставить комментарий