• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик катчы Бишкектеги №100 мектептин окуучулары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.11.23./Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев Бишкек шаарындагы №100 мектепте мугалимдер жана окуучулар менен жолугушту.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, окуучулар келген конокторду кыргыз комузунун кылдарынын күүсү менен тосуп алышты. Андан соң мамлекеттик катчы балдардын каратэ менен машыгып жатканын көрүп, математика сабагына күбө болуп кетти.

Сүйүнбек Касмамбетов чогулгандарга «Улуттун наркы жана өнүктүрүү», «Инсандын адеп ахлахы» темаларында баарлашты.

Ошондой эле, ар бир инсан өз тарыхын билсе, анын келечеги кең болорун баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Сүйүнбек Касмамбетов меймандостукка жана убактысын бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эстелик катары окуучулар менен сүрөткө түштү.

Пикир

Оставить комментарий