• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Тотуяев Пакистандын Лахор шаарындагы "Superior" университетинде болду

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-сентябрында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Лахор шаарындагы "Superior" университетине барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, университеттин жетекчилиги менен болгон жолугушууда элчи Тотуяев Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы тарыхый жана руханий тыгыз байланыштарды белгилеп, билим берүү, маданий жана гуманитардык өз ара байланышты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар университетте "Борбордук Азиянын бурчун" ачуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле студенттер жана окутуучулар менен алмашуу программаларын талкуулашты.

Элчилик тарабынан Кыргызстандын билим берүү, туризм жана инвестициялык дарамети жөнүндө толук маалымат берип, ошондой эле илимий, билим берүү жана академиялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий