• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Туристтик сезонго КР менен ӨР ортосунда автобус каттамын калыбына келтирүү пландалууда

Өкмөт 0

Бишкек. 26.03.21. /Кабар/. Туристтик сезонго Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда темир жол каттамын гана эмес, автобус каттамын дагы жандандыруу пландалууда. Мындай демилге Ташкентте өтүп жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын кеңейтилген жыйынында айтылды.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Ташкенттен Балыкчыга чейин сезондук туристтик маршрутка автобус каттамын кошууну пландап жатканын билдирди.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Марипов Кыргызстан мындай сунушту кош колдоп кубаттайт деди.

“Биздин эшик дайыма ачык”,-деди Марипов.

КРнын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева системалуу маршрут бар, ал май айынан баштап калыбына келтирилиши мүмкүн деп кошумчалады. “Биз Ташкент – Тамчы – Ташкент” сезондук маршруту боюнча аба каттамын жандантууга кубанычтабыз”,-деп белгиледи.

Ошентип, Ташкент – Балыкчы – Ташкент автобус каттамын калыбына келтирүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий