• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Словения өкмөтүнүн төрагасынын орун басары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Словениянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, тышкы жана европа иштери боюнча министри Таня Файон менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы Словения менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

Буга байланыштуу Министрлер Кабинетинин башчысы соода-экономикалык жана өндүрүштүк-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы дем берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз үчүн артыкчылыыктуу тармактар гидроэнергетика, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарбасы, IT индустриясы жана туризм саналат. Биз бардык өнөктөштөрүбүз менен толук форматтагы экономикалык кызматташуу үчүн бардык шарттарды түзүп жатабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Таня Файон Словениянын делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапары ийгиликтүү болгонун белгиледи, анын курамында эл аралык ири компаниялардын өкүлдөрү да бар.

Ал келерки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толорун, ага байланыштуу жемиштүү кызматташууну улантууга жакшы негиз бар экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий