• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мухамметкалый Абулгазиев: Кыргызстан түрк тарапка учак кырсыгынан улам келтирилген чыгымды калыбына келтирүү боюнча суммасы көрсөтүлгөн расмий кат жөнөттү

Өкмөт 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 20-февралда 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районунда «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркаган «Дача-Су» айылына барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу каза болгондорго куран окутуу иш-чарасы менен башталды.

«Боинг-747» авиакырсыгынын себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссия кыргызстандыктар тарабынан чогултулган гуманитардык көмөктү берүү үчүн атайы келген. Мурдараак жабыркагандарга жана каза болгон жарандардын туугандарына биринчи муктаждыктагы буюм-тайымдар жана азык-түлүктөр берилген», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Жолугушуу алкагында Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түрк тарапка «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында Кыргызстанга, тактап айтканда, авиакырсык натыйжасында жабыркагандарга келтирилген материалдык чыгымды калыбына келтирүү боюнча суммасы көрсөтүлгөн расмий катты жөнөткөн.

«Кырсык орун алган алгачкы күндөн тартып эле түрк тарап менен келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Биздин эсептөөлөр боюнча, материалдык зыяндын суммасы 195 млн сомду түзөт. Түрк тарап тийиштүү көмөк көрсөтүүгө жана катыбызды иликтеп чыгууга даяр. Мындан тышкары, алар ата-энесиз калган эки баланын жакындарынын макулдугу менен алардын билим алуусуна байланышкан материалдык чыгымдарды өзүнө алууга даяр», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Ал белгилегендей, Өкмөт жабырлануучуларды турак-жай менен камсыз кылуу жана түрк тараптан тиешелүү төлөмдөрү алууга байланыштуу маселелерди чечүүгө аракетин жумшап, тиешелүү иштерди аткарууда.

«Бүгүнкү күндө бул биз биринчи кезекте чече турган тапшырмалардын бири болуп саналат», - деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Биринчи вице-премьер-министр тургундар тийиштүү компенсацияларды төлөөгө байланыштуу ар кандай юридикалык кызматтарды сунуштап жаткандарга алдырбоо керектигине басым жасады. Ал мамлекеттин өзү "адвокат" экенин жана ал баарынан мурда жабыркагандар тийиштүү материалдык жардам жана компенсация алуусуна кызыкдар экенин кошумчалады.

Мухамметкалый Абулгазиев учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигиндеги атайын эсеп ачык экенин, азыр анда 91 млн сом бар экенин билдирди. Аталган атайын эсеп жарандардан дагы эле каражат түшүп жаткандыгына байланыштуу ачык бойдон калууда.

Жолугушууда жашоочулар көрсөтүлүп жаткан колдоо жана жардамдар үчүн ыраазычылыгын билдирип, Өкмөттүк комиссиядан айыл ичиндеги муктаж болгон жарандарга убагында медициналык жардамдар көрсөтүлүп турушу үчүн айыл аймагында мобилдик клиника уюштуруп берүүнү суранды.

Биринчи вице-премьер-министр Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге аталган маселени чечип, керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий