• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызамык оорусyнун cимптомдору жана белгилери. Андан кантип сактануу керек?

Ден соолук 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Кызамык – аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу вирустук оору. Инфекциянын булагы – оорулуу адам болуп саналат. Кызамыкты бул ооруга чалдыккан, бейтап менен жок дегенде кыска мөөнөттүү байланышта болгон, эмдөөдөн өтпөгөн адамдар жуктуруп алышат. Бир оорулуу адамдан, аны менен байланышта болгон ондон ашык адам бул ооруну жуктуруп алышы мүмкүн.

Кызамыктын симптомдору жана белгилери:

Кызамык оорусу дене табынын 40°Ска чейин көтөрүлүшү, мурундун бүтүшү, бат-бат кургак жөтөл жана конъюнктивит менен коштолот. Оорунун 4-5-күнүнөн баштап денеге кызыл исиркектер чыга баштайт.

Эң алгач исиркектер ооруп жаткан адамдын кулагынын артында, бетинде жана моюнунда, андан кийин көкүрөгүндө жана тулку боюнда, андан кийин колу-буттарында пайда болот.

Кызамык эмнеси менен коркунучтуу?

Иммунитети начар бейтаптар оорунун оор түрү менен ооруп калышы мүмкүн. Кулактын (отит), мурун көңдөйчөлөрүнүн сезгениши, өпкөнүн сезгениши (ымыркайлардын өлүмүнүн кеңири таралган себеби), мээ кабыкчаларынын сезгениши (энцефалит) пайда болуп, мээнин калыбына келбей турчу бузулууларына алып келет.

Андан башка эпилепсиялык талмага, көздүн чел кабыгынын бузулушуна жана сокур болуп калуусуна, угуунун начарлашына алып келиши мүмкүн. Ошондой эле олум менен аяктаган учурлар дагы кездешет.

️Кызамыктан кантип сактануу керек?

Кызамыкты алдын алуунун ишенимдүү жолу - эмдөө болуп саналат. Кыргызстандагы эмдөө графигине ылайык, балдар КПК вакцинасын (кызылчага, эпидемиялык тепкиге жана кызамыкка каршы) төмөнкү куракта алууга тийиш:

  • 12 айында;
  • 6 жашында.

Пикир

Оставить комментарий