• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжайда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Кадамжайда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарчасында турак үйдөн өрт чыккан, кырсыктын кесепетинен турак үйдүн 1,5 чарчы метр полу күйгөн жана өрт болгон жерде денесинен 80% күйүк алып 77 жаштагы эркек киши каза болгон.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий