• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маевкада унаа тетиктерин сактаган кампа өрттөнгөн - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Аламүдүн районунун Маевка айылында жайгашкан унаа тетиктерин сактоочу кампадан өрт чыккан.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 14:04тө ӨКМдин Бишкек шаарындагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмдөрүнөн жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм, Штаб жана Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ тартылган.

Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында саат 15:32де чектөөгө алынып, өрт толугу менен саат 21:28де өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен контейнерлерден курулган 3 кабаттуу кампа өрттөнгөн. Аталган кампанын жалпы аянты болжол 450 чарчы метрди түзөт.

Жеринде абалды Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов көзөмөлгө алды.

Жабыркаган жана каза болгондор жок.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий