• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен жана Ош облустарында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Баткен жана Ош облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-февралда болжол менен саат 07:43тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кадамжай районунун Бел-Суу айылында 3 балл, Совет, Кыргыз-Кыштак жана Шуран айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 11:50дө Ош облусунун аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий