• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 7-майда саат 14.11де очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 61 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Жетим-Дөбө айылында - 3,5 балл, Кара-Кулжа, Жаңы-Талаа, Ылай-Талла айылдарында - 3 балл, Кара-Кочкор, Сай айылдарында - 2,5 баллга чейин жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий