• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жол кырсыктан беш адам жабыркаган, арасында кош бойлуу аял бар

Кырсык 0

Бишкек, 11.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги Айтматов проспектисиндеги жол кырсыгынан беш адам жабыркаган, арасында кош бойлуулуктун 33-жумасындагы аял бар. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жол кырсыгы кечээ кечинде үч унаанын катышуусунда болуп, кесепетинен эки эркек жана үч аял жабыркаган.

“Эки аял, алардын бири кош бойлуулуктун 33-жумасында, Бишкек травматология, ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилишкен. Калгандары Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө кайрылышкан”, - деп түшүндүрүштү ССМ.

Белгиленгендей, жабыркагандардын төртөө ооруканага жаткырууга муктаж эмес болгон. Алар текшерүүдөн кийин амбулатордук дарылоого кое берилди. Учурда бир гана жабырлануучу стационарда жардам алууда.

Пикир

Оставить комментарий