• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек ара кызматы: Тажик тарап макулдашууларды бузуп, кайрадан миномёттон ок чыгарды

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 17-сентябры саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

Маалыматка ылайык, буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин тажик тарап Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган. Саат 8:55те аткылоо токтотулду.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдарынын өздүк курамы учурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий