• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда акыркы сутка ичинде 4 миң 880 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 4 миң 880 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 315, Алматы шаарында – 1264, Шымкент шаарында – 180, Акмоло облусунда – 246, Актөбе облусунда - 302, Алматы облусунда - 282, Атырау облусунда - 198, Чыгыш-Казакстан облусунда – 201, Жамбыл облусунда – 99, Батыш-Казакстан облусунда - 140, Караганда облусунда - 648, Костанай облусунда - 237, Кызылорда облусунда – 133, Мангистау облусунда - 239, Павлодар облусунда - 265, Түндүк-Казакстан облусунда - 75, Түркестан облусунда – 56 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 798 миң 671 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий