• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунун башчысы Ат-Башы районунун эли менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Ат-Башы районунда эл менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга кирип баратып облус жетекчиси райондун акими жана облустук мекемелердин жетекчилери менен бирге райондун борборуна карагайдын көчөттөрүн отургузуу иш-чарасына катышты.

Көчөттөр президенттин "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында райондо өсүп-өнүгүү болсун деген жакшы тилек менен тигилди.

Пикир

Оставить комментарий