• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Нарында милиция кызматкерлери алдыдагы шайлоого карата саптык кароодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы шайлоо учурунда күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-ноябрда Нарын шаарындагы Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нарын ОИИБдин өздүк курамы, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Нарын облусундагы өзүнчө ротасы, ЖКККБнын, Нарын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмү жана Нарын шаардык күзөт бөлүмү, Нарын ОИИБнын ардагерлери, элдик кошуундар үчүн горнизондук саптык кароо өттү.

"Алгач ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун шайлоо боюнча берилген 10 тапшырмасы өздүк курамга жеткирилип, даярдыгы каралып, ар бирине коюлган тапшырмалар аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды", - деп айтылат маалыматта.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Алмазбек Жумабеков белгилегендей, милициянын эң негизги максаты шайлоону тынч жана мыйзам чегинде өткөрүү.

"28-ноябрга белгиленген КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, коомдук-саясий абалды көзөмөлдөө, мыйзам бузууга жол бербөө милиция кызматкерлеринин милдети. Ар бир жетекчи өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткаруусу керек, милициянын эң негизги максаты шайлоону тынч жана мыйзам чегинде өткөрүп, элге кызмат кылуу болуп саналат", - деди ал.

Ошондой эле ал ИИМ тарабынан берилген буйруктарды мыйзам чегинде так аткарып, шайлоо учурунда мыйзам бузууга жол бербөө жана ушундай фактыларга жол берилсе, ыкчам иш-аракеттерди мыйзам талаасында күчөтүлгөн тартипте иштерди алып баруу милдеттерин койду.

Белгилей кетсек, Нарын облусу боюнча 169 шайлоо тилкесинде 500дөн ашык коомдук коопсуздукту сактоо үчүн өздүк курамдын, ардагерлердин жана элдик кошуундардын мүчөлөрү иш алып барат.

Мындан тышкары, шайлоо күнү мыйзам бузууларга жол берилсе, мыйзам чегинде ыкчам иш алып баруу үчүн атайын документтештирүү тобу түзүлүп, жалпы 100 кызматкери тартылды.

Пикир

Оставить комментарий