• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, тыгын жаралды

Кырсык 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 420-чакырымында Беке-Чал тилкесинде чиркегичи бар MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, жол кыймылына тоскоолдук жараткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, саат 9:00дө унаалар өтө албай, жол тыгыны пайда болуп, 500дөн ашуун унаа токтоп турган. Кырдаалды жою максатында жеринде куткаруучулар иш алып барышууда, ошондой эле бир автокран жана бир автожүктөгүч тартылып, оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгарылды.

Учурда жол бир тараптуу ачылып, унаалар өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий