• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжайда мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги мектеп окуучуларына ачык эшик күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле мектеп окуучуларына туура багыт көрсөтүп, патриоттук сезимдерин күчөтүү максатында Көтөрмө айыл аймагындагы мектептер арасындагы 9-класстан жогорку мектеп окуучуларына ачык эшик уюштурулду.

Ачык эшикте Кадамжай РИИБнин бир күндүк жумушу көрсөтүлүп, жол кыймылынын коопсуздугу, зордук-зомбулуктун алдын алуу, баңгизаттарынын коомдогу зыяндуулугу боюнча лекциялар өтүлдү.

Иш-чаранын соңунда Кадамжай РИИБнин кызматкерлери үчүн салынган спорттук залда спорт оюндары ойнотулду.

Пикир

Оставить комментарий