• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын мэриясы ЮНИСЕФ менен кызматташууну күчөтөт

Аймак 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Бүгүн, 23-августта Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров БУУнун Кыргызстандагы Балдар фондунун жетекчиси Кристин Жольм менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушууда тараптар, балдарды колдоо максатында маданият, билим берүү жана спорт багыттары боюнча биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында шаар бийлигине ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин жаңы жетекчиси Айсулуу Сулайманова тааныштырылды.

Н.Кадыров Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан шаардагы саламаттыкты сактоого, билим берүүнү жакшыртууга, спорттук жана маданий иш-чараларды уюштурууга кошкон салымы үчүн ЮНИСЕФтин өкүлүнө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык жактан коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, мигранттардын балдарын колдоо, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Кристин Жольм бир катар долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде ушул жылдын декабрь айында жыйынтыгы чыгарыла турган «Жаштар жана балдар үчүн ыңгайлуу шаар» долбоору, социалдык мугалимдердин сабаттуулугун, мигранттардын балдарынын жөндөмдөрүн жогорулатуу максатында ар тараптуу окутууларды жүргүзүүгө, мектеп окуучуларынын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган программалар тууралуу сөз кылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий