• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, унаа жуучу жайынын администратору А.Орунбаевага (Жетиген көчөсү №86), «Эки дос» тез такмактануучу жайы (Гоголь көчөсү №113) жана «Кап Строй Кей Джи» компаниясына (Жунусалиев көчөсү №184) 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айыппул салынды. Айрымдары бузууларды мойнуна алуудан баш тартышкандыктан, иштери административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Ошондой эле Жибек-Жолу №393 дарегиндеги жерди мыйзамсыз казгандыгы үчүн шаар тургуну А.Борисовго 179-берененин 2-бөлүмүнө ылыйык, 5 миң 500 сом айып салынды. Күнөөсүн мойнуна алып, жеринде токтом чыгарылды.

Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болорун эскертет:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий