• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Ош шаарында жалпы 21 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.01.24./Кабар/. 2023-жылы Ош шаарында жалпы 21 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу күн мурун Бишкекте өткөн жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйында белгилүү болду.

“Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттен жолдорду куруу жана оңдоп-түзөө иштерине 444,6 млн сом акча каражаты бөлүнүп, төмөндөгү жумуштар аткарылган:

- жол тыгындарын азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында 18 көчө же 21 чакырым жолдор асфальтталды;
- А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишине жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулуп, аны менен чектеш А.Масалиев кең көчөсүн И.Раззаков көчөсүнөн Ж.Шамшиев көчөсүнө чейин узундугу 2,9 км, кеңдиги 22 метр жол асфальтталды;
- Ж. Раимбеков көчөсү 3 метрге кеңейтилди;
- Ж.Раимбеков көчөсүн А.Масалиев көчөсүнөн Кара-Суу көчөсүнө чейинки 557,0 м аралыктагы жолду асфальттоо иштери бүткөрүлүп, учурда тротуар куруу, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери комплекстүү жүрүп жатат;
- узундугу 2,6 чакырым болгон В.Ленин көчөсү реконструкцияланып, кооптуу аймакка узундугу 90 метр, бийиктиги 6 метрди түзгөн тирөөч дубал курулду;
- А. Сүйүмбаев атындагы стадион толугу менен оңдолду;
- А.Сүйүмбаев атындагы стадиондун аймагына асфальт төшөлүп, 12 миң 500 көрүүчүгө ылайыкташкан отургучтардын баары толугу менен алмаштырылды. Ошонгдой эле LED-экран орнотулуп, административдик имаратынын сырты жаңыланды;
- Т. Турсунбаева көчөсүндө темир жол өтмөгү курулду;
- Т.Турсунбаева көчөсүндө темир жол өтмөгүн куруу иштери жана шаардагы кичи райондордун ички жолдорун оңдоп-түзөө иштери аткарылып, темир жол бекетинде иштеген кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий