• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында акысыз медициналык кароо өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда Жалал-Абад шаарында акысыз медициналык кароо өткөрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 29-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата уюштурулган.

"Мир" кинотеатрынын алдындагы аянтта кан басымын өлчөтүп, кант диабетинин бар же жок экендигин аныктап жана дарыгерлерден кеңеш алууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Акысыз текшерүүдөн өтүү саат 9:00дөн 15:00гө чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий