• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта жаңы курулуп жаткан мектепте бир катар кемчиликтер аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Таласта жаңы курулуп жаткан 275 орундуу мектепте бир катар кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп "Юг-Стройсервис" ачык акционердик коому тарабынан Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында курулуп жаткан. Андагы кемчиликтер Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталды.

Жогорудагылардан улам "Юг-Стройсервис" ачык акционердик коомуна текшерүү актысы жана бузууларды четтетүү тууралуу жазүү түрүндөгү эскертме берилип, бузууларды жоюу боюнча талап коюлду. Эгерде эскертме жазуунун талаптары өз убагында аткарылбаса, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде чара көрүлөөрү эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий