• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Кемин районунда 857 электр мамысы алмаштырылат

Аймак 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Быйыл Кемин районунда 14,5 чакырым изоляцияланган аба чубалгысы тартылып, 857 даана электр мамысы алмашылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Чүй электр тармактар ишканасынын Кемин РЭТинде 2024-2025-жылга күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Андан тышкары, 73 даана трансформатордук көмөкчордонду капиталдык оңдоодон өткөрүп, 368 даана трансформатордук көмөкчордонду жана 42 чакырым аба чубалгыларын техникалык жактан тейлөөдөн өткөрүп, аба чубалгыларына тийип калган бактарды кыюу иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу пландык оңдоо иштеринин жүрүшүндө электр энергия менен камсыздоодо кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.

Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.

"Бул иштер алдыда келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий