• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусу үч жылда 200дөн ашуун техника менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Баткен облусу акыркы үч жылда 205 техника менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар,

— Ички иштер тармагына 32 кызматтык унаа берилди. Алар аймактык тескөөчүлөр үчүн, мед кызматы үчүн, көчмө кабылдама үчүн кызматтык унаалар.

— Өзгөчө кырдаалдар тармагына 26 техника берилген. Алар жүк ташуучу, өрт өчүрүүчү, авариялык-куткаруу унаалары, автобустар.

— Жол тейлөө тармагына 21 техника берилген. Алар жол ондоо жана жол куруу үчүн техникалар, таш майдалоочу жабдык, музга каршы туз чачуучу, кардан тазалоочу механизм берилген.

— Энергетика тармагы 11 техника менен камсыз болгон. Алар жүк жүктөөчү-экскаватор, камаз, жүк ташуучу унаа, жүк көтөрүүчү кран, бригадалык унаа.

— Саламаттыкты сактоо тармагына 36. Алар тез жардам унаалары, санитардык автоунаалар, вакцина ташуучу муздаткычтуу унаалар.

— Баткен бажысына 4 кызматтык унаа.

— Маданият тармагына бир кичи автобус

— Массалык маалымат каражаттар тармагына бир кызматтык унаа

— Баткен аэропортуна бир кар тазалоочу трактор.

— Райондук мамлекеттик администрациялар, шаардык мэриялар жана айыл өкмөттөрүнө 72. Алар коомдук транспорттор, айыл чарба техникалары жана кызматтык унаалар.

Пикир

Оставить комментарий