• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын Самсун шаарындагы мекендештер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев жумушчу сапарынын алкагында Самсун шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты.

Жолугушууда элчи КР жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелери тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Түркиянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилиги менен өлкөдөгү кыргызстандыктардын жашоо-шарттарын жакшыртууга жана зарыл колдоо көрсөтүүгө багытталган жолугушуулары тууралуу өзүнчө маалымат берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, жарандар актуалдуу маселелерди талкуулап, кызыккан суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Руслан Казакбаев чогулгандардын баарын ыйык Рамазан айы, ошондой эле келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап, бакубатчылык каалады.

Жолугушуу мусулмандар үчүн ыйык айда байланыш жана тилектештиктин символу болгон "ооз ачаар" сый тамак менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий