• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаӊыл Мамбеталы КР Жогорку сотунун судьялыгына шайланды

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеш жыйынында КР Президенти тарабынан талапкерлиги сунушталган Жаӊыл Мамбеталы депутаттардын 85 «макул», 15 «каршы» добушу Жогорку соттун судьялыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Талапкер Жаӊыл Мамбеталыны депутаттарга КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Ал 1962-жылы туулган, жогорку билимдүү, 31 жылдык юридикалык стажысы бар. Буга чейин Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеп, бир катар коомчулук арасында кызыгуу жараткан сот жүрүмдөрүнө катышкан.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар өз суроолоруна жооп алуу менен бирге, Жаӊыл Мамбеталыны Жогорку соттун судьялыгына шайланып калса, кылмыш иштерин, анын ичинде саясий жүйө менен козголгон иштерди мыйзамдын чегинде калыстык менен кароого, кайсы бир кызыкдар тараптардын кандайдыр бир буйруктарын аткарбоого, ар кандай коррупциялык жосундардан алыс болууга чакырды.

Жыйын жүрүшүндө азыркы учурда сотто каралчу кылмыш иштеринин саны өтө көбөйүп кеткенин эске алып, судьялардын санын көбөйтүү, сот тутумуна жаӊы муундун өкүлдөрүн тартуу, кылмыш иштерине байланыштуу мыйзамдарды гумандаштыруу зарылдыгы белгиленди.

Андан тышкары, Жогорку соттун судьялыгына жаӊыдан шайланган Жаӊыл Мамбеталы парламентте салтанаттуу ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий