• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда күзгү аскерге чакыруу өнөктүгү жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Кыргызстанда күзгү аскерге чакыруу 1-сентябрдан тарта башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Аскердик башкармалыктын жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысы Сыргак Бодобаев билдирди.

Анын айтуусунда, 3 миңден ашуун жаран Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктаса, 7 миңден ашуун аскер альтернативалык кызмат өтөйт.

"Жыл сайын армиянын сапатын жакшыртуу боюнча талаптар коюлуп, бул багытта иштер жүргүзүлүп келет. 18 жашка чыккан жарандар алгачкы аскердик каттоодон өттү. Аталган жумуштардын алкагында алардын мөөнөттүү аскердик кызматка, же альтернативалык кызматка багытталары аныкталат", - деп билдирди ал.

Ал кошумчалагандай, республиканын жыйын пункттарында аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземдери бекитилген график боюнча жүрүүдө.

"Аскерге чакырыла турган 3 миңден ашык жаран КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кошуундарды жана бөлүктөрүндө аскердик кызмат өтөшөт", - деп кошумчалады Бодобаев.

Пикир

Оставить комментарий