• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 16-21.09.2019

Аналитика 0

Өткөн жумада Кыргызстанда экономикалык жактан маанилүү иш-чаралар – иш жолугушуулары, эл аралык форумдар болуп өтүп, анын алкагында өнөк мамлекеттер менен эки жактуу алака, экономикалык өнүгүүнүн келечектүү багыттары талкууланды.

КР Башкы прокуратурасы. Өткөн аптада башкы прокуратура коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 17 млн. 182 миң 970 сом 74 тыйын которду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органы тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке жалпысынан 536 млн. 445 миң 462 сом 1 тыйын которулган.

Түркмөнстан жана КР. Өткөн аптада Бишкекте кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын 4-жыйыны өттү. Анда соода-экономикалык, өнөр-жай жана энергетика тармагында кызматташуу маселелери каралды.

Аны менен катар кыргыз-түркмөн бизнес форуму болуп өттү. Ага Түркмөнстандан келген 37 жана Кыргызстандык 100дөн ашык ишкер катышты.

Форумдун алкагында Кыргызстанды инвестициялык жагымдуулугу боюнча чакан тасма көрсөтүлдү.

Жолугушууда соода үйү, аны менен бирге ири турак жай комплексин куруу тууралуу сөз болду. Ал соода үйүндө үч мунара тургузуу каралууда. Алардын бири турак жай үчүн болсо, экинчиси бизнес үчүн, ал эми үчүнчүсү мейманкана болот.

Түркмөн тараптын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Түркмөнстандын товар жүгүртүүсү 200 эсе өскөн. Түркмөнстандын ишкерлери менен өнөр-жайчылар биримдигинен белгилешкендей, түркмөн тарап түз аба каттамын ачууга даяр. Ал үчүн анын кирешелүүлүгүн ж.б. маселелерди карап чыгуу керек.

Ошондой эле сооданы улуттук валюталарда жүргүзүү тууралуу сөз болуп, эки тарап тең 50/50 манат жана сом менен иштөөгө даяр экенин билдирди.

Жергиликтүү өндүрүүчүлөргө кам көрүү. Экономика министрлиги өзүбүздүн өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Ага ылайык, өлкөдөгү ири соода түйүндөрүн, жергиликтүү өндүрүүчүлөр чыгарган продукция үчүн атайын орун түзүп берүүнү милдеттендирүү каралган. Ал, жергиликтүү продукциянын сатылышын арттыруу, сатып алуучулардын жергиликтүү өнүмдөргө көңүлүн бурдуруу үчүн жасалат.

Унаа салыгын төлөбөгөндөр. Республика боюнча жүргүзүлгөн 10 күндүк рейддик иш-чаранын жыйынтыгында унаа салыгын төлөбөгөн 1 миң 36 унаа ээси аныкталып, аларга айыппул салынган.

Салык кызматынан белгилешкендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн 10 күндүк иш-чарада 11 миң 670 унаа токтотулган.

"Рейддин жыйынтыгында мыйзам бузгандарга карата административдик айып салуу менен тийиштүү актылар түзүлдү, 750 айдоочу жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) салыктарын төлөшсө, 3 миң 355ине салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты, ага кошумча ар бир өткөн күнгө туум төлөйт.

Карыз менен күрөшүү. Мамлекеттик салык кызматы, салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы жөнүндө маалыматты берүү боюнча сервис ишке киргенден тартып, Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу мамлекеттик сатып алуу конкурсунун катышуучуларына электрондук түрдө 106 миң 91 маалымкат берген.

Алардын ичинен 91 миң 379 – салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын жоктугу жөнүндө жана 14 миң 713 – салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын бар экендиги тууралуу маалыматы бар онлайн маалымкаттар.

Электр энергиясын керектөө. 2019-жылдын август айында электр энергия, былтыркы жылдын август айына караганда дээрлик 17 млн. кВт. саатка көп керектелген. Ошол эле учурда "Северэлектро" бөлүштүрүү тармактарына 346 млн. кВт. саат электр энергиясы келип түшкөн.

"Северэлектро" бөлүштүрүүчү компаниясынын өткөн айга болгон товардык продукциясы 442 млн. сомду түзүп, ошол эле учурда 453,7 млн. сом (102,7 %) чогултулган.

Август айында төлөм чогултуу калк арасында –107,1 %, бюджеттик уюмдардан –108,8 %, өндүрүштүк объектилерден- 100,4 %, башка керектөөчүлөрдөн -99,2 % жана айыл чарба объектилеринен 97,6 %га аткарылган.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий