• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кабар" МАБ: Өкмөт коронавирус боюнча кырдаалды көзөмөлдөп турат

Аналитика 0

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны салыштырмалуу азайганына карабастан, дагы деле ооруп калган адамдар катталууда. Мындан улам эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда деп айтсак болот. Президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Кубатбек Боронов кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле жасап, эпидемиологиялык кырдаалды ар дайым көзөмөлдөп турганы кубандырат.

Вирусолог Вадим Линин айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылышы толук көзөмөлгө алынды деп айтууга эрте.

"Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө оорунун экинчи толкуну башталды. Тактап айтканда, Израиль өлкөсүндө оорулардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу карантиндик чаралар киргизилди. Европа, Азия, Америкада кырдаал дагы деле болсо туруктуу эмес. Ошондуктан Кыргызстанда эпидабал толук көзөмөлгө алынды деп атууга болбойт. Анын үстүнө парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Оорунун көбөйүшүнө түрткү болбош үчүн жетекчилик бул шайлоону туура нукта өткөрүшү керек. Бардык жооптуу адамдар шайлоо тилкелериндеги зарыл болгон санитардык чаралардын сакталышын көзөмөлдөйт деп үмүттөнөм. Сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук оорулардын мезгили келе жатканын унутпайлы. Андыктан оорунун экинчи толкунунун алдын алуу үчүн бардык аракеттер аткарылышы керек. Медиктер кыйын абалда турушканын да эстен чыгарбоо керек", - дейт ал.

Теманы утурлай Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус 55 адамдан табылды.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 8, Ошто бир, Чүй облусунда бир, Ош облусунда 7, Талас облусунда 5, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусу 2, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 25 адам илдетке кабылды.

Кыргызстанда сутка ичинде 104 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Алар Бишкек шаарында – 68, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда –2, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда – 24 бейтап коронавирустан айыкты.

Алардын ичинен 41 миң 682 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болгонун Республикалык штабдан билдиришти.

"Илдеттен сакайып чыккандардын көбөйгөнү жакшы, бирок буга этият мамиле жасоо керек. Практика көрсөткөндөй, дүйнөдө вирусту эч ким жеңип чыга элек. Тескерисинче, айрым өлкөлөрдө оорунун экинчи толкуну башталууда. Кыргызстан вируска каршы күрөштө баа жеткис тажрыйба топтоп жаткандыгын белгилегим келет. Келечекте вирусологдор көбөйүп, ал ар бир бөлүмдө адистин болушун шарттайт. Президент Жээнбеков акыркы мезгилде бир катар иш сапарларда болуп, керектүү дары-дармектерди чыгарган ишканаларды кыдырууда. Медициналык статистика дагы өнүгүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Күн сайын Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын канча жаңы учурлары табылып жаткандыгы жөнүндөгү маалыматты алуудабыз", - деди Вадим Ли.

Ли белгилегендей, коронавирус жуктургандардын клиникалык жана лабораториялык жактан тастыкталган учурлары бар.

"Статистика жүргүзгөн кызматкерлер маалыматтарды жазууда жаңылышпашы керек. Күн сайын жаңы маалыматтарды иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жана уюмдарга жиберип жатат. Ушул статистика келечек үчүн кандайча пайдалуу болушу мүмкүн? Бирдиктүү маалымат базасы түзүлүшү керек. Ал өз кезегинде, ооруп жаткан адамдар жана алардын кандай формада ооруга кабылгандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Бул адамдарда эгерде COVID-19 кайрадан пайда болсо, анда мындай маалыматтар жаңы жуккан адамдарды дарылоо ишин жеңилдетиши мүмкүн. Айтайын дегеним коронавируска чалдыккан адамдардын канынан жаңы вакцина жасоого үлгүлөрүн алса болот", - деп кошумчалады эксперт.

Өлкөдөгү эпидабалга президент жана өкмөт башчы олуттуу мамиле жасоодо. Айта кетсек, күн мурун премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. Анда Боронов эпидемиологиялык кырдаалды туура талдоо абал курчуп кеткен учурда ыкчам жана тез жөнгө салууга жардам берет жана кандайдыр бир катачылыктардын алдын аларын билдирди.

"Мен күн сайын өлкөнүн учурдагы санитардык-эпидемиологиялык абалы жөнүндө отчетту жөн жерден сурап жатканым жок. Бул бүгүнкү күндүн чыныгы абалын көрүүгө жана бизди эмне күтүп тургандыгын алдын ала билүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдөгү жагдайга мониторинг жүргүзүп туруу зарыл. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн башка мамлекеттер кандай аракеттерди көрүп жатканын, негизинен кайсыл оорулар COVID-19 менен байланыштуу экендигин билүү маанилүү. Кандай гана маалымат, тажрыйба болбосун, мекендештердин өмүрүн сактап калууга жардам берет", - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинин ырааттуулугунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Күчүбүздү жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү баалоо үчүн чындыкка түз карашыбыз керек. Эгерде жер-жерлерде кандайдыр бир маселелер болсо, аларды ачык жана өз учурунда айтып туруу зарыл. Облус жетекчилери аймактардагы абал боюнча күнүгө отчёт берип турууга тийиш. Бул адистердин жасай турган аракеттерди так аныктоосуна жардам берет. Азыр өлкөдө кырдаал салыштырмалуу жакшы, бирок вирус чегинди дегенге негиз жок. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кайрадан жарандардын коронавирус инфекциясын жугузган учурлары катталууда жана Бириккен Улуттар Уюму дүйнөдөгү кырдаал начарлап бараткандыгы жөнүндө билдирүү жасады", - деди премьер-министр.

Премьер-министр ошондой эле вакцина менен максималдуу түрдө камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

"Аймактарга сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи партиясы жеткирилди. Кийинки партияларды күнүгө жеткирип туруу зарыл. Жеке клиникалардын акы төлөнүүчү негизде эмдөө жүргүзүүсүнө жардам берүү керек. Ошондой эле COVID-19га каршы вакцина менен камсыз кылуу боюнча келишимдерге жетишүү боюнча ишти күчөтүү керек", - деп белгиледи өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов аймактардагы ооруканаларды ремонттоо жана профилин өзгөртүү боюнча иштерди аяктоо тапшырмасын берди. Бүгүнкү күндө 12 медициналык мекеменин ичинен 7 саламаттык сактоо уюму толугу менен курулуп, оңдолуп, жабдылды.

Үстүбүздөгү жыл дүйнө элине апаат алып келди. Ал коронавирус деген жаңы илдет. Аталган дарт Кыргызстанга да март айында кирип келди. Өлкөбүзгө өпкөнү сезгенткен оору келгенден баштап, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилди. Бирок белгилүү себептерден улам Кыргызстандын толук обочолонуу режиминде болгонго мүмкүнчүлүгү болгон жок. Ошондой эле өлкө бюджетинде тартыштык жаралды. Экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилгенде кайрадан коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны өсө баштады. Белгилеп кетсек, киргизилген карантиндик чаралардан улам дарыгерлер өлүмгө кептеген оору менен кантип күрөшүү керектигин үйрөнүштү.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий