• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коррупцияны азайтуу, жашоо деңгээлин жогорулатуу. ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамда эмнелер айтылган

Аналитика 0

Айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгүн кайра түзүү тууралуу көптөн бери айтылып келет. Бирок, бул темада жылыштар байкалбайт, жыйынтыгында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жумшак айтканда ордунан жылган жок. Ошондой болсо да бул тармак реформага муктаж болуп турат. Жакында эле бул аймакта мурда жашаган адамдар айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт деген жаңылык кабыл алынган. Буга топтолгон тажрыйбаны башка ишмердүүлүктө колдонуу сыяктуу бир нече факторлор себеп болгон. Бул туура идея, бирок глобалдуу өзгөрүүлөр үчүн дагы көп нерселерди жасоо керек.

2021-жылдын 21-октябрындв Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аймактарды жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, андан тышкары ЖӨП органдарынын сапатын жана адискөйлүгүн көтөрүү маселелери талкууланды.

Талкуунун негизги темасы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга кол коюу болду.

Аталган мыйзамга жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин көтөрүү максатында кол коюлду, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары консолидацияланды.

Аким кызматка президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоону күчөтүү максатында акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин, кызматка дайындоо укугу берилди”, - деп айтылат документте.

Мындан тышкары, аким айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат. Облустук жана республикалык маанидеги шаар мэрлерин Кыргыз Республикасынын президенти дайындайт.

“Квалификациялуу жана тажрыйбалуу жетекчилерди кызматка тартуу максатында аким, анын орун басарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиси кызмат орундарына региондук жана муниципалдык резервдерде тургандардын ичинен гана дайындалат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жылдан 5 жылга чейин узартылды.

Аким, мэр жана айыл өкмөт кызмат ордуна талапкерлерге мыйзам менен квалификациялык талаптар жана чектөөлөр каралган”, - деп айтылат негиздемеде.

Ошондой эле районду өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелерин комплекстүү чечүү максатында райондук кеңеш түзүлүп, акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча отчетторун угуу укугу берилди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө эгер мамлекеттик башкарууну өркүндөтпөсөк, анда адамдардын муктаждыктарын канааттандыра турган натыйжаларга жетүү мүмкүн эместигин белгиледи.

“Мен региондорду кыдырып, эл менен жолугушуу учурларында ушундай пикирге келдим. Анткени азыркы учурда аркыл тармактарда сунушталып жаткан реформалардын жыйынтыктары карапайым калкка толугу менен жетпей жатат! Калкыбыздын көптөгөн көйгөйлүү маселелери тийиштүү деңгээлде чечилбей калууда.

Талдап көргөнүбүздө жалпы эле бардык тармактардагы бүгүнкү акыбалыбыздын бирден-бир себеби мамлекеттик башкаруунун начардыгында болуп келген! Иш жүзүндө борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосунда ажырым дагы эле сакталып турат. Борбордук бийлик кабыл алып, аткарууга жиберген чечимдер өз убагында жер-жерлерге жетип, аткарылышында чоң мүчүлүштүктөр болуп жатат.

Бул жерден мен ачык эле айтып коёюн – акыркы 10 жылда бийликтин жоопкерчилигин бир топ эле жоготуп алдык”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент кадрларды ротациялоонун башталышы жер-жерлерде коррупцияга алып келген шарттарды жоюу максаты менен байланыштуу экенине көңүл бурду. Мындан тышкары, эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын жетекчилеринин ишине мониторинг жүргүзүлөт. Министрлер кабинетине баалоонун комплекстүү системасын иштеп чыгуу тапшырылды.

“Акимдер жер-жерлерде элдердин жашоо шартын жакшыртууга жана алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жеке жооптуу болушат”, деп белгиледи мамлекет башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндүн талабына ылайык, мамлекеттик башкаруу системасы реформаланды, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюлду, бул бийлик ишине туруктуулукту берет.

“Мыйзам негизинде район акимдерине тиешелүү укуктар берилди. Эми ыйгарым укуктардын негизинде жигердүү иштөөгө мыйзамдык шарт түзүлдү. Эл турмушун жакшыртуу үчүн жер-жерлерде акимдер керт башыңар менен жооптуу болосуңар. Себеби ар кандай шылтоо айтууга эми негиз жок. Анткени мыйзам менен райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдерге бир топ кошумча ыйгарым укуктар берилип жатат! Ал укуктар көптөгөн маселелерди райондук деңгээлде чечүүгө шарт түзөт.

Аталган мыйзамдар күчүнө киргенден баштап, урматтуу жетекчилер, өзгөчө райондук жетекчилер иштөө ыкмаңарды өзгөртүп, жаңыча иштеңиздер! Элдин көйгөйлүү маселелери райондо чечилиши керек! Мындан ары жер-жерлерден келген кайрылууларды жергиликтүү бийликтин кемчилиги катары кабыл алып, тиешелүү чараларды көрөбүз!”, - деди КР президенти.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий