• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кооптонууну азайткан “Коопсуз шаар”

Аналитика 0

Замандын талабы болгон “Коопсуз шаар” долбоору бүгүнтөн тартып ордо калаабыз Бишкекте практика жүзүндө алгачкы кадамдарын баштап, өңчөй кооптуу жана жол эрежесин бузуу фактылары көп катталган көчөлөрдүн кесилиштериндеги орнотулган видеокамералар иштей баштады. Тактап айтканда, долбоордун биринчи этабында Бишкектин 10 көчөсүнүн кесилишине фото жана видео жазуучу видеокамералар орнотулуп, азырынча жети эреже бузуу фактыларын каттайт.

Баса белгилей кетчү жагдай, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эреже бузууларын каттаган көчмө комплекстер да ишин баштады. Биринчи баскычта андай комплекстерден жалпы 20сы Чүй облусунда жана Бишкекте иштейт. Көчмө комплекстерди жайгаштыруу ордун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) аныктамакчы. Жабдыктардын өзгөчөлүгү аларды орун котортуп, жол эрежеси көп бузулган жерлерге орнотууга болот.

Камера орнотулган көчөлөрдүн кесилишинин даректери:

— Бөкөнбаев менен Абдрахманов;

— Анкара менен 7-Апрель;

— Жибек Жолу менен Абдрахманов;

— Жибек Жолу менен Жаш Гвардия;

— Жибек Жолу менен Фучик;

— Москва менен Абдрахманов;

— Чүй менен Бейшеналиева (Ош базары тарап);

— Чүй менен Курманжан Датка;

— Чүй менен Жаш Гвардия;

— Чүй менен Фучик.

Камералар төмөнкү эреже бузууларды каттап калат жана мындай эреже бузуу фактыларына төмөндөгүдөй айыппулдар каралган:

1.Жол чыракка (кызыл түскө) баш ийбей өтүп кетүү-жеке айдоочуларга айып пулдун көлөмү 3 миң сом, юридикалык тараптардын автоунааларынын айдоочуларына 13 миң сом;

2.Жолдун карама-каршы тилкесине чыгуу - жеке айдоочуларга 3 миң сом, юридикалык тараптардын автоунааларынын айдоочуларына 13 миң;

3.Тротуар, газон, веложол, жөө адамдар өтүүчү чийинден жүрүү - жеке айдоочуларга 1 миң сом, ал эми юридикалык тараптардын автоунааларынын айдоочуларына 5 миң сом;

4.Жол чыракта кызыл күйгөн кезде стоп-линиядан өтүп токтогондорду - жеке айдоочуларга 1 миң сом, юридикалык тараптардын автоунааларынын айдоочуларына 5 миң сом;

5.Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгиден (зебра) эреже бузуу - жеке айдоочуларга 1 миң сом, юридикалык тараптардын автоунааларынын айдоочуларына 5 миң сом;

6.Көрсөтүлгөн ылдамдыктан жогору айдагандарды - эгерде ылдамдыктын жогорулашы 20 чакырым ылдамдыктан ашпаса жеке айдоочуларга 1 миң сом, ал эми 40 чакырым ылдамдыктан ашып кетсе 7 миң 500 сом, юридикалык тараптардын автоунааларынын айдоочуларына 23 миң сом.

7.Аялдама менен унаа токтотуучу жайлар боюнча эреже бузууларды, башкача айтканда “3,27”, жана “3,28” белгилерин сактабагандарды - жеке айдоочулар 1 миң сом, юридикалык тараптардын автоунааларына 5 миң сом каралган.

Ошол эле маалда “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашып, жол тартибин көзөмөлгө алып жатканы менен коомчулукта башкача сөз менен “процедурный” суроолор көп калууда. Тагыраак айтканда - Келген айыппулга макул эмес болсоң, аны кантип териштирсе болот? Камералар орнотулган жол кесилиштеринде жол көзөмөлдөө кызматкерлери тура алышабы? Камералар тарткан эреже бузуулар кандай жол менен анализденет? Аталган суроолорго “Кабар” агенттигине ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов кененирээк жооп берди.

Оторовдун айтымында, эреже бузуулар кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, тартип бузган жаран протоколду колуна алган күндөн тарта 15 күн аралыгында айыппулун төлөсө, 50 пайыздык жеңилдик берилет.

“Башкача айтканда, жол эрежесин бузган айдоочуга 1 миң сом айып каралган болсо, ал эки жуманын ичинде болгону 500 сом төлөп кутула алат. Бирок адам өмүрүнө зыян келген учурда же айдоочу мас абалында кармалса, мындай жеңилдик берилбейт. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин үч окуусунан тең колдоо тапты”, — деди Оторов.

Орнотулган камералар бар жол тилкелеринде, жол көзөмөлдөө кызматкерлери тура алышабы жана келген айыппулга макул эмес болсоң кандай териштирүүгө болот деген суроолорго, тартип сакчы мындай деди, камералар орнотулган кесилиштерде кызматкерлердин туруусу жана автоунааларды токтотушу мүмкүн, анткени ар кандай кырдаалдар жана жагдайлар кездешет - изделүүдө жүргөн автоунаалар, көптөн бери айыппулун төлөбөй жүргөн айдоочулар, же дагы башка күтүлбөгөн жагдайларга байланыштуу.

“Бирок инспектор камера чагылдырган штрафты, кайта кайталап жазып бербейт. Ал эми эгерде жарандар тигил же бул жол эрежесин бузуу делген факты боюнча келген айып пулга кандайдыр бир себептерден каршы болсо, анда ал атайы жол эрежелерин бузуу фактыларын анализдөө (мониторинг) бөлүмүнө келип арызданып териштирсе болот.”, - деп тактады Оторов.

Мындан тышкары Тилек Оторов мониторинг бөлүмүндө атайы даярдалган адистер (операторлор) кандай кызмат өтөшөрүн айтып берди. “Операторлор атайы даярдыктардан өтүшкөн. Баардык орнотулган камералардан катталган эреже бузуулар операторлор тарабынан чогултулуп, юридикалык баа берүү үчүн биздин кызматкерлерге өткөрүлүп берилет. Алар тийиштүү чараларды көрүп, жол эрежеси бузулган болсо, анда почтага өткөрүшүп, айдоочунун дарегине жөнөтүлөт. Мындан улам, чогултулган материалдар таза жана анык иликтене тургандыгы шексиз. Операторлор жумуш учурунда уюлдук телефон менен колдоно алышпайт, аны өткөрүп беришет. Эгерде операторлор үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышы керек болсо, атайы телефон болот, ал жакта бүт чалуулар жазылып турат”,- деди Тилек Оторов.

Бүгүн “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди. Бишкектин көчөлөрүндө чыныгы тартип орноп, айдоочулар жол эрежелерин сактап калгандыгын байкабай коюуга мүмкүн эмес. Эң кызыгы маршруттук таксилердин шоопурлары көчөдө бир кылка тизилип алып бурулуп жаткандыгы таң калтырбай койбойт. Бул да болсо мамлекет жаңы стандарттарга карай бет алгандыгынын белгиси.

Аман Алымбеков

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий