• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 07-12.09.2020

Аналитика 0

Бул аптада бир нече маанилүү экономикалык жаңылыктар чыкты: маселен өлкөнүн ИДПсы, мамлекеттик карыздын өлчөмү жана карызды кайтарууга канча каражат сарпталганы, өлкөдөгү орточо айлык акынын өлчөмү тууралуу маалыматтар. Ошондой эле пандемияга байланыштуу Кыргызстан эл аралык каржы институттардан канча каражат алганы айтылды.

Кепилдиктер. Быйыл сегиз айда "Кепилдик фонду" тарабынан 446 млн сомго дээрлик 1,1 миң кепилдик берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Анын айтымында, былтыр фонд тарабынан 946 кепилдик берилсе, бүгүнкү күнгө карата 1 миң 83 кепилдик берилди.

Фонд түзүлгөн убактан бери 2 млрд 142 млн сомго жалпы 2 миң 700 кепилдик берилген. Ал эми кепилдиктер алдында берилген насыялардын көлөмү 7 млрд 600 млн сомдон ашкан.

Мамлекеттик карыз. 30-июлга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 370 млрд 268,71 млн сомду (4 млрд 824,01 млн доллар) түздү.

Каржы министрлиги билдиргендей, бересенин 86,4%ы тышкы карыз болсо - 320 млрд 39,21 млн сом (4 млрд 169,60 млн доллар), ички карыздар 13,6%ды түзөт - 50 млрд 229,51 млн сом (654,41 млн доллар).

Жаңы ишканалар. Кыргызстанда 2020-жылдын 8 айында 40 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке киргизилди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдиргендей, жаңы ишканалардын ачылышы менен 1 миң 208 жумуш оруду түзүлгөн, алардын ичинен облустар боюнча:

  • Баткен облусу боюнча сегиз айда 3 ишкана пайдаланууга берилди, 42 иш орду түзүлгөн;
  • Жалал-Абад облусу боюнча жети айда 10 кайра иштетүүчү ишкана түзүлүп, 143 жумуш оорду түзүлгөн;
  • Ош облусу боюнча 5 ишкана пайдаланууга берилип, 85 иш орду түзүлгөн;
  • Талас облусу боюнча 3 ишкана пайдаланууга берилди, 100 жумуш орду түзүлгөн;
  • Ысык-Көл облусу боюнча 7 ишкана ишке берилди, 135 жумуш орду түзүлгөн;
  • Нарын облусу боюнча 5 ишкана ишке берилди, 93 иш орду түзүлгөн;
  • Чүй облусу боюнча 6 ишкана ишке берилп, 550 жумуш орду түзүлгөн;
  • Ош шаары боюнча 1 ишкана ишке берилди, 60 жумуш орду түзүлгөн.

Донорлордун каражаттары. Бүгүнкү күнгө карата пандемияга байланыштуу Кыргызстан эл аралык каржы уюмдардан 338 млн доллар алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, учурда 338 млн доллардын 207 млн доллары сарпталган.

"Калган 131 млн доллар Улуттук банктын эсебинде турат. 207 млн доллар мурда айтылгандай эле пандемияга байланыштуу чыгашаларга, анын ичинде саламаттык сактоо тармагынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чыгашаларына, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга (буудай, ун сатып алууга), муктаж болгон жарандарга азык-түлүк баштыктарын алууга, айлык маяна, жөлөкпул, пенсияларды төлөөгө жумшалды", - деди ал.

Интервенция. Бул аптада Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады.

Улуттук банк валюта рыногунда 6 млн 600 миң доллар саткан – бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 3 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 3 млн 600 миң доллар.

Муну менен Улуттук банк быйыл валюта рыногуна онунчу ирет интервенция менен чыгып жатат.

Ишкерлер үчүн насыя. "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы боюнча 5 миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүгө жалпы 4,5 млрд сом бөлүнгөн.

"Ал каражаттын 2 млрд сому банктарга Улуттук банк тарабынан кредиттик аукцион аркылуу берилсе, ички жана тышкы булактардын эсебинен 2,5 млрд сом Каржы министрлииги аркылуу берилүүдө. Бүгүнкү күнү 5 миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алып, иштетип жатат", - деди ал.

Орточо айлык акы. Быйыл январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 18 миң сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинен билдиргендей, былтыркы жылдын январь-июнь айларына караганда орточо айлык акы 10,5%га көбөйгөн.

"Учурда Кыргызстанда айлык акы калктын негизги киреше булагы болбой калган. Себеби калктын 76%ынын негизги киреше булагы айыл-чарба тармагы жана ишкерчилик болуп келет", - деп билдирет Статистика комитети.

Кайсы тармак экенине жараша бир кызматкердин орточо айлык маянасы 9 миң 800 сомдон 36 миң сомго чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча орточо маяна 17 миң 999 сомду түзөт (2020-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча).

Маселен орточо маянасы жогору болгон тармактарга каржы ортомчулугу жана камсыздандыруу тармагы (36 миң 28 сом, маалымат жана байланыш чөйрөсү (35 миң 133 сом) жана кен казуу тармагы (35 миң 5 сом) кирет.

Ал эми орточо айлык акысы аз тармактарга искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (9 миң 829 сом), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык камсыздоо (10 миң 750 сом) жана билим берүү тармагы (14 миң 509 сом) кирген.

Унаа салыгы. Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандан берки 10 күндүн ичинде жарандар 158,5 млн сом салык төлөштү. Жыл башынан бери жалпы 685,5 млн сом транспорт салыгы чогултулган.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаганына карабастан, бул салыкты башкаруу дагы да улантылууда.

Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн административдик айып жана туум төлөөгө мажбур болушат. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 1 миң сомду, юридикалык жактар үчүн – 5 миң сомду түзөт.

ИДП. Быйыл январь-август айларында Кыргызстандын ИДПсы 335 млрд сомдон ашып, былтыркы жылдын сегиз айына караганда 5,9%га төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда, Кыргызстандын ИДПсы 293 млрд сомду түзүп, 7,6%га азайган.

"Өнөр жай продукциясынын көлөмү январь-август айларында 205 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу 0,1%га жогорулады. Бул өсүш фармацевтикалык продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнүн (2,5 эсеге), химиялык продукциянын (17,9%га), жер астынан казылган баалуу металлдардын (9,8%га), унаа менен анын шаймандарын эске албаганда, темир жана даяр темир буюмдарын (11,6%га) өндүрүүнүн эсебинен болду. Курулуш тармагында 7,8%га, дүң жана чекене соода тармагында 17,2%га төмөндөө болсо, айыл чарба тармагында тескерисинче 1,8% өсүш болгон", - деп билдиришти Статистика комитетинен.

Тышкы соода жүгүртүү. Быйыл январь-июль айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд доллардан ашты.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, былтыркыга караганда тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21,7%га азайган. Ошол эле учурда экспорт 1,7%га көбөйсө, импорт 31,3%га кыскарган.

"Январь-июль айларында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен болгон өз ара сооданын көлөмү 1,3 млрд долларды түзүп, 2019-жылга караганда 17,9%га азайган. Экспорт 23,5%га, ал эми импорт 16,2 %га азайган", - деп билдирет Статистика комитети.

Карыздарды кайтаруу. Быйыл сегиз айда мамлекеттик карызды (тышкы жана ички карыз) төлөөгө 20 млрд сомдон ашык каражат сарпталды.

Каржы министрлиги билдиргендей, тышкы карызды төлөөгө 8 млрд 852,1 млн сом, ал эми ички карызды төлөөгө 11 млрд 188,3 млн сом сарпталган.

Мамлекеттик тышкы карыз:

- Негизги сумма – 6 млрд 454,6 млн сом;

- Пайыздары – 2 млрд 397,5 млн сом;

Бардыгы: 8 млрд 608,3 млн сом

Мамлекеттик ички карыз:

- Негизги сумма – 8 млрд 340 млн сом;

- Пайыздары – 2 млрд 848,3 млн сом;

Бардыгы: 11 млрд 188,3 млн сом.

Жалпы карыз:

- Негизги сумма – 14 млрд 794,6 млн сом;

- Пайыздары – 5 млрд 245,8 млн;

Бардыгы: 20 млрд 40,4 млн сом

Пикир

Оставить комментарий