• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ооругандардын саны өсүүдө. Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну болобу, даярдык кандай?

Аналитика 0

Кыргызстанда коронавирустун мүмкүн болгон экинчи толкуну жөнүндө сөздөр жай мезгилинде эле айтыла баштаган. Июль жана август айлары эпидемиологиялык жактан оор болуп, күн сайын 1000ден ашуун жаңы учур катталып жатты. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлигине жөнөкөй адамдар жардамга келе башташты. Ыктыярдуу жарандар акча чогултушуп, ооруканаларга кычкылтек концентраторлорун берип, керектүү дары-дармектер менен бөлүшүп жатты. Ал тургай бейтаптарды ооруканаларга жеткирип турушкан. Андан кийин абал тынчый баштап, эл кош көңүл мамиле жасоодо. Коронавирустун биринчи толкуну эч кимге сабак болгон жокпу?

Бүгүнкү күндө беткапты кийген жарандар азайгандан азайып бара жатат. Коомдук унаа, дүкөн жана соода борборлорунда "беткапсыз кирүүгө болбойт" деп жазылган эскертүүлөргө эч ким моюн сунбай калды. Ал аз келгенсип массалык чогулуулар байма-бай өтүүдө. Жакында да митинг өттү.

24-сентябрдан тарта күн сайын 100дөн ашык адам ооруга чалдыгууда. Акыркы күндөрү ооруп калгандардын саны күнүнө 300 адамдан катталууда. Каза болгондорду айта турган болсок, сентябрь айында 4 адам каза болду. Октябрь айынын эки жумасында эле 27 адамдын өмүрүн коронавирус алып кетти.

Адамдар бир гана коронавирус менен оорубастан мезгилдүү ооруларга да чалдыгууда. Мунун баары саламаттык сактоо мекемелеринин ишин оорлотууда. Мындан улам күз-кыш мезгилинде абал коронавирустун биринчи толкунуна караганда оор болушу ыктымал. Бирок бул бир гана божомол. Ошол эле учурда коронавирустан айыккандар кайра ооруп калышы мүмкүн. Алсак, бүгүн дүйнөдө 89 жаштагы кемпир илдетти кайра жуктуруп алып, каза болгондугу тууралуу маалымат тараган.

Саламаттык сактоо министрлиги алдыдагы кыйынчылыктарды жакшы билет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар боюнча республикалык борборунун башчысы Нурила Алтымышева оорулардын санынын өсүшү, ошондой эле алдыдагы көйгөйлөр жөнүндө айтып берди.

"Коронавирус эч жакка кете элек. Адамдар санитардык талаптарды сактабай жатышат. Акыркы суткада коронавирус 298 адамдан табылды. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар боюнча республикалык борбору беткап кийүү, аралыкты сактоо, колду самын менен жуу жана антисептик колдонууга чакырат", - дейт ал.

Ошол эле учурда кубандырарлык кабар бар. Күн мурун Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилген. 7-октябрдан тарта муктаждыкка жараша ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда. Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. 3 өпкөнү дем алдыруучу аппарат, 60 кычкылтек концентратору орнотулду. Облуста коронавирус оорусу менен ооругандар үчүн ооруканада жалпы 538 орун даярдалган.

Чүй облусунун Токмок шаарындагы оорукананын оңдоо иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Объекттин капиталдык оңдоп-түзөөсү 2020-жылдын 28-июлунда башталган, долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Объектиге жалпысынан 45 млн 700 миң сом каржыланды. Подряддык уюм тарабынан имараттын жана откананын эски чатыры менен электр тутумдары алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдетүү жана жылытуу системалары, өрт өчүрүүчү сигнализациясы калыбына келтирилди. Андан сырткары, ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы кайрадан жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай орнотулган. Имараттын кире бериш жагы толугу менен бүткөрүлдү. Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен ооруканага керектелүүчү эмеректер алынып келинди.

Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо. Азыркы учурда оорукананы жууп, тазалоо жана аянтын көрктөндүрүү боюнча жумуштар бүткөрүү алдында турат. Андан тышкары, эмеректер орнотулууда жана жакынкы арада медициналык жабдуулар алынып келүүсү күтүлүүдө.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2 477 койка-орундук жайгаштыруу пландалууда, анын ичинен 164 койка – интенсивдүү терапия палатасы (ИТП). 1-этапта - 1 759, анын ичинде 120 койка ИТП. 2-этапта 718 койка-орундук, анын ичинен 44 койка ИТП.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасында COVID-19 илдетинин оор формасы менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн 70 койка-орундук жайгаштырылган, № 1 шаардык клиникалык ооруканасы - 92 койка-орундук, Улуттук фтизиатрия борборунда - 38 койка-орундук, Улуттук госпиталда - 80 койка-орундук даярдалган.

Чүй облусунда план боюнча 745 койка-орундук: 1-этапта 414 койка-орундук, анын ичинен ИТП үчүн 82 койка-орундук, 2-этапта – 334 койка-орундук, анын ичинен ИТП үчүн 82 койка-орундук. Токмок шаарындагы аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүнүн оңдолгон имараты 216 койка-орундукка кабыл алууга даяр.

Ош облусу жана Ош шаарына план боюнча 1672 койка-орундук: 1-этапта – 686, ИТП үчүн 130 койка-орундук, 2-этапта – 986, ИТП үчүн 130 койка-орундук.

Баткен облусуна план боюнча 635 койка-орундук: 1-этапта – 329, анын ичинде ИТП үчүн 49 койка-орундук, 2-этапта – 306, анын ичинде ИТП үчүн 49 койка-орундук. Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эски имараты 90 орундуу оорукана болуп бүткөрүлүп, эксплуатацияга берилди.

Нарын облусуна план боюнча 437 койка-орундук: 1-этапта – 334, анын ичинде ИТП үчүн 25 койка-орундук, 2-этапта - 103, анын ичинде ИТП үчүн 25 койка-орундук. Ысык-Көл облусуна план боюнча 596 койка-орундук, 1-этапта – 231, анын ичинде ИТП үчүн 46 койка-орундук, 2-этапта - 365, анын ичинде ИТП үчүн 46 койка-орундук.

Жалал-Абад облусуна план боюнча 1206 койка-орундук: 1-этапта – 770, анын ичинде ИТП үчүн 90 койка-орундук, 2-этапта - 436, анын ичинде ИТП үчүн 90 койка-орундук.

Талас облусуна план боюнча 395 койка-орундук: 1-этапта – 274, анын ичинде ИТП үчүн 48 койка-орундук, 2-этапта - 121, анын ичинде ИТП үчүн 48 койка-орундук даярдалган.

Учурда жарандардан бир гана талап: санитардык нормаларды сактоо.

  • Беткап тагыныңыздар!
  • Социалдык аралыкты сактаңыз!
  • Колуңузду самын жана антисептик менен көп жууңуз!

Азыр КРВИ жана сасык тумоонун мезгили экендигин, адамдын денеси аялуу экендигин, иммунитетти чыңдап, ден соолугуңузга кам көрүү маанилүү экенин унутпаңыз!

Өпкөнү сезгенткен оорунун мүмкүн болгон экинчи толкунуна Саламаттык сактоо министрлиги даярдык көрүүдө. Бирок жоопкерчиликти бир гана медицина кызматкерлерине жүктөп коюу туура эмес. Ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын ден соолугу үчүн кам көрүшү керек.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий