• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Татаал тандоо. Энергетиканын кыйрашын күтүш керекпи, же тарифтерди көтөрүү кажетпи?

Аналитика 0

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө энергетика тармагы дотациялык болуп саналбайт, ал же акча табат, же жок дегенде өзүн-өзү жабат. Кыргызстанда гана бир катар коомдук-саясий толкундоолордон кийин энергетика тармагы түздөн-түз бюджеттик колдоого алынган. Тарифтерди көтөрүү тууралуу кеп болгондо эле бул дароо туруксуздукка жана каршылыктарга түрткү болот. 2010-жылдагы революциялык окуя ушул сыяктуу толкундоолордун бири болгон. Ошондон бери бийлик тарифтерди кармап туруу үчүн мамлекеттик казынадан түз каржылык колдоо менен энергетика тармагынын туруктуулугун сактап калууга аргасыз.

Бир жагынан тарифтер узак убакыттан бери мурдагы деңгээлинде сакталып келди, бирок экинчи жагынан каражаттын жетишсиздигинен электр жабдуулары жана трнасформатордук көмөкчордондор ондолбой, ГЭС курууга жана жаңы кубаттуулуктарды өндүрүүгө мүмкүн болгон эмес. Жыйынтыгында биз азыркы абалга келдик: электр энергиясын керектөө өндүрүлгөн көлөмдөн ашты, керектөөнүн көлөмү ашыкча болгондуктан өчүрүүлөр болууда жана электр жабдуулары күйүп жатат. Муну -20 градуска жеткен суук даана көрсөттү.

“Өкмөт энергияны субсидиялап, тарифтерди кармап турат, бирок бул жакшыбы?”, - деп суроо салат саясат таануучу Бакыт Бакетаев. “Узак убакыттан бери тармак таптакыр токтоп калбашы үчүн бюджеттен акча бөлүнүп келет. Бирок ал башка тармактарды каржылоого жумшала турган каражаттын эсебинен болууда. Тарифтерди көтөрүү менен гана өкмөт башка тармактардан акча албаган жыйынтыкка келебиз.

Башкача айтканда, бул жолдорду, мектептерди жана бала бакчаларды куруу тармагына терс таасир эткен. Саламаттык сактоо, айлык акыларды жана пенсияларды көтөрүүгө акча кереги жокпу? Мурдагы президенттер тарифтерди көтөрбөй кармап турууну саясатташтырып, анын үстүнөн спекуляция жасашкан башка тармактарды каржылоону кыскартуу менен энергетика тармагын каржылап келишкен, ошентип алар шайлоо алдындагы убадаларынын жана катардагы популизмдин акысын төлөшкөн”, - деп эсептейт Бакыт Бакетаев.

Анын үстүнө энергетика тармагы генерациялоочу станциялар жана бөлүштүрүүчү тармактар ​​аркылуу бөлүнөрү менен бүтүндөй система коррупциялык тобокелчиликтерге дуушар болду, анткени анда жеке менчик бөлуштүрүүчү түрүндөгү ортомчу компаниялар пайда болуп, алар электр энергиясын мамлекеттен арзан сатып алып, кайра кымбат сатышкан. Абадан акча жасоону каалагандардын көптүгү эл арасында “ширшовдун схемасы” деп аталган көмүскө схемаларга алып келген.

Эксперт Бактыбек Саипбаевдин айтымында, президент Садыр Жапаров оор чечим кабыл алды. Ал эми тарифтердин орточо көтөрүлүшүнө гана эмес, көңүл бурууга туура келген башка жагдайлар дагы бар экенин белгилейт.

"Мен тарифтерди көтөрүүгө гана эмес, Садыр Жапаров жүргүзө турган реформага көңүл бургум келет. Кептин баары эгемендүүлүктүн 30 жылында биздин энергетикалык системабыз "чубайск" үлгүсү менен жашап келгендигинде болуп жатат. Эмне үчүн генерациялоочу кубаттуулуктарды электр тармактарынан бөлүү зарыл болгон? Анын үстүнө ал жерде Союздан калганын пайдаланып, жабдууларды – трансформаторлорду, электр чубалгыларын жаңылабай туруп, каймакты калкып ала турган ортомчулар киргизилди. Энергетиканы өнүктүрүү үчүн акчанын баары түз эле мамлекеттик бюджетке түшүшү керек болгондо, бул ортомчулар эмнеге керек?! Бирок, аягында бизде материалдык-техникалык база бир нече ондогон жылдар бою иш жүзүндө жаңыртылбай келген фактылар бар. Ошондуктан, энергетика тармагындагы жабдуулардын 90%ы же андан ашыгы эскирген. Суук түшкөндө бизде көйгөй башталат, балким бул көрүнүш акырындык менен жок болот деп үмүттөнөбүз. Бул чексиз улана бербейт да.

Абалды түп-тамырынан бери өзгөртүү керек. Биз эмне болуп жатканын көрдүк. Өтө кымбат бааланган бурагыч жана кычкачтардын тарыхы баарыбыздын эсибизде. Натыйжада бир нече жыл мурун Бишкектин Жылуулук электр борбору жарылып, кыштын ызгаардуу суугунда борбор калаа жылуулуксуз калган. Артка кетенчиктетип турган мындай шартта энергетика системасы иштебей турганын ачык көрсөттү. Мамлекет энергетикалык ортомчу компаниялардан тазаланышы керек, анткени алар электр энергиясын кымбаттатып жатышат. Бизге бөлүштүрүүчү тармактарды тейлеген өзүнүн структуралары бар бирдиктүү мамлекеттик энергетика системасы керек. Алар акчаны түз, ачык алуусу шарт”, - деди ал.

Эксперт тарифтерди көтөрүүгө байланыштуу айта турган болсок, албетте бул көптөн бери бышып жетилген маселе экенин белгилейт. Акча уурдалбай, ортомчулардын чөнтөгүнө түшпөй, керек болгон жерге бара турганына көзү жетип жатса эл дагы кВт/саатына 1 сомдон ойлонбой эле төлөй бермек. Ошондуктан, ал азыр электр энергиясына болгон баанын бир аз көтөрүлгөнүнө эмес, өлкө башчысы энергетика тармагын кооптуу абалга алып келген ортомчуларды бул тармактан кетирүүнү көздөп жатканына көбүрөөк көңүл буруу керек деп эсептейт.

Коомдук ишмер Замир Абдыкадыров дагы ушундай эле пикирде. “Тарифтер көтөрүлгөндөн кийин борбордук жылуулук жана газга туташкан көп кабаттуу үйдө жашаган үй-бүлө орто эсеп менен жарык үчүн айына 50-60 сомго көп төлөп калат. Мен мындан көйгөйдү көргөн жокмун, анын үстүнө азыр энергетика тармагын сактап калуу тууралуу сөз болуп жатат. Эгерде биз бул тармакты жоготсок, бардыгын жоготобуз: экономика кыйрап, кайра таш дооруна келебиз”, - деди ал.

Муну менен катар Абдыкадыров бийликти ортомчуларга гана эмес, электр жарыгынан башка үйүн жылытууга мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн тариф саясатына дагы көңүл бурушу керек деп эсептейт. “Алар үчүн айына 700 киловатт деген бул кемсинткен чекти алып салуу керек, андан кийин бир киловатт-сааттын баасы бир заматта үч эсе кымбаттайт. Бизде жылуулук жок, ысык суусу, газы жок, башкача айтканда, баары электр жарыгында турган көп кабаттуу үйлөр жетиштүү. Мындай үйлөрдө деле өтө бай эмес – дарыгерлер, мугалимдер, милиция жана аскер кызматкерлери жашашат. 700 киловатт деген чек алар үчүн реалдуу эмес. Керектөөнүн бардык көлөмү үчүн 1 сомдон төлөсүн. Азыр жеке ортомчу компаниялар лимиттен ашкандан кийин алардан дээрлик 3 эсе көп алып жатышат. Бул ортомчуларды жок кылуу зарыл. Өкмөт ырааттуу жана социалдык жоопкерчиликтүү болушу керек”, - деди коомдук ишмер.

Президент жана министрлер кабинетинин администрациясы ортомчу жеке компанияларга карата чечим кабыл алууда. Алардын саны кеминде эки эсеге кыскарды. Бийлик бул иштер мындан ары дагы улантыларына ишендирүүдө. Ошентип, бийлик өлкө үчүн экономиканын мамлекеттик жана коомдук маанилүү сектору жеке жактардын баюусунун чордону болбошу керектигин көрсөтүүдө. Эксперттердин пикиринде, бул энергетика тармагынын келечегине жана өнүгүшүнө жасалган абдан олуттуу кадам. Ал эми бул боюнча чоң пландар айтылды.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий