• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Кырсык 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан. Тилсиз жоо саат 14:55де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Өрттү өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп, 2 шаты, 1 суу ташуучу унаа, 5 куткаруучу тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий