• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сульшер кийинки сезондо "Манчестер Юнайтеддин" башкы машыктыруучусу бойдон калат

Спорт 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Оле-Гуннар Сульшер эмки сезондо англиялык "Манчестер Юнайтед" клубунун толук кандуу башкы машыктыруучусу болуп калат, деп жазат The Sun гезити.

Команданы убактылуу жетектеп жаткан Сульшер жаңы контракт түзүп, эмки сезондо өз ишин улантат.

Маалыматка ылайык, клубдун башчылыгы Сульшердин ишине ыраазы.

"Манчестер Юнайтед" 11 оюнда бир жолу тең чыгып, 10 беттеште жеңишке жеткен.

Ошондой эле "МЮ" Англия премьер-лигасында алтынчы орундан төртүнчү орунга көтөрүлдү.

Мурда "МЮ" ойноп кеткен Сульшер 2018-жылы 19-декабрда машыктыруучу Жозе Моуриньонун ордуна келген.

Пикир

Оставить комментарий