• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Кабар" МАБ: Аймактарды санариптештирүү оң натыйжаларды берүүдө

Аналитика 0

Жыл башында президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялаган. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзүнүн Жаңы жылдык куттуктоосунда да айткан. Санариптештирүү маселесине мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурулууда жана 3 жылдан бери аймактарда жаңы технологияларды жайылтуу үчүн көп күч-аракет жумшалууда.

Кыргызстандагы эң санариптештирилген айыл аймагы деп үч айыл жана төрт жаңы конушту камтыган Лебединовканы айтса болот. Расмий маалымат боюнча, Лебединовкада 25,5 миңден ашык калк жашайт, бирок чындыгында бул жерде 40 миңден ашык жаран бар.

Мындан улам, жарандардын саны жогору болгондо мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оорчулук жаралат. Аймактарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын киргизилиши менен кырдаал кескин өзгөрдү. Буга чейин жарандар керектүү документ алуу үчүн бир катар жерге барып, кезек күтсө, азыр бардык кызматтар орто эсеп менен 15 мүнөттө көрсөтүлөт.

"Азыр абдан жакшы болуп калды. Бардык кызматтар бир имаратта экендиги ыңгайлуу болууда. Башка жакка баруунун кажети жок, бир жерден керектүү документтерди тапшырып, төлөмдөрдү жүргүздүм. Ал 10-15 мүнөттү гана талап кылды", - дейт жергиликтүү тургун Владимир Васильевич.

Жергиликтүү тургун, пенсионер Токтобек Акматовдун айтымында, жарандар мурда коммуналдык төлөмдөрдү төлөө же маалымкат алуу үчүн ар кайсы жакка барып, жарым күнүн текке кетирчи.

"Азыр айыл өкмөтүндө ыңгайлуу шарт түзүлдү. Бардык кызматтарды жана жер салыгын биз бир жерде төлөйбүз. Бул жерден дагы документтерди алабыз. Мурда биз кезекте турчубуз, бирок азыр андай жок, бардыгы тез арада болууда. Бул биздин жашообузду бир топ жеңилдетти", - деп белгиледи Акматов.

Аламүдүн районунун калкты паспорттоштуруу жана ЗАГС бөлүмүнүн башчысы Ринат Алиевдин айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү процессин баштагандан кийин документтерди кабыл алуу жана берүү процедуралары санарип форматында бирдиктүү маалымат базасында жүргүзүлүүдө.

"Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу катталган жарандардын бардык маалыматтары санариптештирилип, маалымат базасына киргизилген. Эми жарандар үйдөн чыкпай эле онлайн режиминде кызматтардан пайдалана алышат, бул кезекте тургандардын санын кыскартты. Азыр каттоо бөлүмү аркылуу маалыматтарды санариптештирүү боюнча иштер жүрүп жатат, башкача айтканда, ушул тапта жарандардан эч кандай тастыктоочу документтерди алып келүүсү талап кылынбайт, анткени алар маалымат базасында бар. Мурун мунун бардыгы кагаз жүзүндө болуп, көп убакытты талап кылган", - деп түшүндүрдү Алиев.

Лебединовка айылдык кеңешинин төрагасы Канатбек Өмүрбаев маалымдагандай, быйылкы жылы президент жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүнүн алкагында "Бирдиктүү терезе" системасы биринчи кезекте айыл өкмөтүнө киргизилген. Эми жергиликтүү тургундар кезекке турушпай белгилүү бир кызматтарды алуу үчүн орто эсеп менен 15 мүнөт убакыт коротушат.

Мындан тышкары, райондо 4 орто мектеп, 4 бала бакча жана 3 ФАП бар. Алар аймактарды санариптештирүүнүн алкагында интернетке туташкан жана видеобайкоо орнотулган.

"Карантин санариптик технологияларды киргизүү канчалык деңгээлде натыйжалуу, ыңгайлуу жана тез жүрүп жаткандыгын ачык көрсөттү. Бардык окуучулар интернет аркылуу билим алышты. Мындан тышкары, мурда адамдар ар кайсы жерлерге барып, паспорт же башка документтерди алуу үчүн кезекте турушса, азыр мунун бардыгын бир жерде бир нече мүнөт ичинде алууга шарт түзүлдү. Бул жакка келген адамдар паспорт алуу үчүн документтерин тапшырышат, бул жерден эле сүрөткө түшүшөт, төлөмдөрүн жүргүзүшөт жана паспортторун алышат. Ошондой эле жарандар салыктарды, коммуналдык кызматтарды жана башкаларды төлөп, балдарга жөлөкпулду да ала алат. Эң негизгиси эми мындан ары кезектер болбойт, бардыгы тез жана ыңгайлуу түрдө жасалып жатат", - деди Өмүрбаев.

Объективдүү себептерден улам аймактарды санариптештирүү процесси көп убакытты талап кылышы мүмкүн, бирок бул мамлекет үчүн гана эмес, жарандар үчүн дагы зарыл экендиги айдан ачык. Кандай болгон күндө да, санариптештирүү процесси аймактарда жүрүүдө.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий