• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл аягына чейин пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча маселе жаралбайт – каржы министри

Экономика 0

Бишкек, 23.06.20 /Кабар/. Пенсия жана жөлөкпулдар өз убагында жана толук кандуу каржыланууда жана жыл аягына чейин аны төлөө боюнча маселе жаралбайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча мугалимдердин төлөмдөрү толук түрдө каржыланган.

“Бишкек шаары боюнча техникалык учурлар бар. Бюджетте 744 млн сом каралган. Мэрия менен документтер түзүлгөндөн кийин ал каражаттарды төлөмдөр үчүн колдонууга болот. Өзгөчө кырдаал жана абал учурунда ишке тартылган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине каралган төлөмдөр боюнча техникалык жана уюштуруучулук процедуралар болуп, тизмелер такталды. Учурда алар аяктап, ал үчүн каражаттар бюджетте каралган. Өкмөттүн тиешелүү буйругу чыккандан кийин ал каражаттар төлөнөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий