• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте башаламан токтотулган унааларды эвакуациялоо боюнча рейд уланууда

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Бишкекте башаламан токтотулган унааларды эвакуациялоо боюнча рейд уланууда.

Иш-чарага шаардык кызматтардын, Милициянын кайгуул кызматынын өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылып, акырындык менен борбордук көчөлөрдөгү бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасына ылайык, башаламан унаа токтоочу жайларды жоюу боюнча иштерди күчөтүү максатында, биринчи этапта 10 даана эвакуатор сатып алуу пландаштырылууда, алар борбор калааны туура эмес токтотмолордон тазалоо боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте иш алып барат.

Алынган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматына -1250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1000 сом төлөшү керек.

Пикир

Оставить комментарий