• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда рейддин жүрүшүндө мал уурулук боюнча 16 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Кадамжай районунунда мал уурулуктардын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук милициясынын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери район аймагында “Бандит” аталышындагы рейддик иш-чарасын өткөрүп, КР Кылмыш Жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен катталган мал уурулук боюнча бир топ ыкчам иштерди жүргүзгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында мурда катталган 16 факт мал уурулуктун бети ачылып, кыргыз жана өзбек жарандарынан түзүлгөн топ кармалды. Жалпысынан Ак-Турпак айыл аймагынан 61 баш бодо мал уурдалып, жабырлануучуларга 2,5 млн сом зыянга учураган.

Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 23 жаштагы А.О., Өзбекстандын Фергана облусунун Риштан районунун 20 жаштагы М.А., 22 жаштагы А.К., 21 жаштагы Х.И. жана 30 жаштагы Т.М. аттуу тургундары аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ошондой эле “Бандит” рейддик иш-чаранын жүрүшүндө район аймагына өткөрмө посттор коюлуп, автоунаалар текшерилип КР Бузуулар кодексинин негизинде жалпысынан 7 айдоочуга айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий