• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында дезинфекциялоо иштери күн сайын жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарынын аймактарында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан, бүгүн, 17-июндаү шаардагы 7 муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы көчөлөр, мечиттер, дарыканалар, көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, балдар аянтчалары, азык-түлүк сатуучу дүкөндөр, ЭлТР телекомпаниясынын имараты жана башка эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.

Эскерте кетсек, бул иш-аракеттер республиканын бардык аймагында күн сайын жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий