• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокен районунун эгин талааларында өрттүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жергиликтүү тургундарга эгин талааларында өрттүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгүндө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Облус аймагынын Ноокен району боюнча ӨКБнүн офицердик курамы тарабынан кылкандуу дан эгиндерин жыйноо учурунда эгин талааларынын ээлерине өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү жумуштары болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий