• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда коронавируска чалдыккан 154 жарандын 138и айыкты - Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавируска чалдыккан 154 жарандын 138и айыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда жалпы 154 жаран коронавируска кабылган.

"Алардын 138и айыкса, 16 адам дарылануусун улантууда. Ошондой эле илдет жуктурган 27 жаран сырттан келген. Аймактар боюнча айта кетсем, Аксы районунда 2 (баары айыккан), Ала-Бука районунда 15 (баары айыккан), Кара-Көл шаарында 1 (баары айыккан), Жалал-Абад шаарында 7 (баары айыккан), Майлуу-Cууда 2 (баары айыккан), Тогуз-Торо районунда 4 (үчөө айыккан), Чаткал районунда 35 (22си айыккан), Токтогул районунда 1 (дарыланып жатат), Сузак районунда 87 (86 айыккан) жаран илдетке кабылган", - дейт ал.

Мирзахмедов маалымдагандай, облус боюнча 117 адам медициналык көзөмөлдө, 79 адам обсервацияда болууда.

Белгилей кетсек, 21-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313кө жетти. Алардын ичинен 270и медицина кызматкери. Илдеттен 929 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий