• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматынын 350дөн ашык кызматкери квалификациясын жогорулатты

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы кыйла сапаттуу жана натыйжалуу салыктык башкарууну камсыздоо, ошондой эле салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында, өз кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну активдүү улантууда.

Сентябрь айында "Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорунун алкагында салык органдарынын 350дөн ашык кызматкери окутулду.

Семинардын катышуучулары салык мыйзамдары боюнча теориялык билим алышып, маалыматтык системалар менен иштөө боюнча өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн бекемдешти.

Окутуу салыктык башкаруунун негизги аспектилерине багытталган, анын ичинде салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү, рейддик салык контролу, камералдык текшерүү, ошондой эле салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү кирет.

Салык кызматкерлеринин квалификациясын туруктуу негизде жогорулатып туруу салык төлөөчүлөрдү салык мыйзамындагы ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө өз убагында маалымат менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүп, алардын санариптик сервистерди колдонуусуна жана салык милдеттенмелерин сактоосуна жардам берет.

Окутуу иш-чаралары Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында өткөрүлдү. Ушундай эле иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өлкөнүн калган региондорунда уюштурулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий