• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектеп окуучулары үчүн "Тулпар" картасы: пайдалуу сунуш

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире баасы көтөрүлөт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, мектеп курагындагы балдар айына 360 сомго чексиз коомдук транспортто жүрүү билеттерин сатып ала алат. Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол кире болгону 8 сомду түзөт.

Мектеп окуучулары үчүн жеке «Тулпар» карталарын башка адамдарга колдонууга тыюу салынат. Эгерде алар башка адамдар тарабынан колдонулуп жаткандыгы аныкталса, карталар конфискацияланып, колдонуучуга айып салынат.

Өз кезегинде, чоңдор үчүн айына 1020 сомдон стандарттуу чексиз жол билеттери бар.

Белгилей кетсек, тариф көтөрүлгөндөн кийин коомдук транспортто контролерлор иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий