• 88.68
  • 95
  • 0.95

Судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун эки судьясын жоопкерчиликке тартууга макулдук берди

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун эки судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Судьялар кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун Судьялар кеңешинин кезексиз отуруму өттү. Анда сотко чейинки өндүрүш боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында, 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4, 5-пункттарында, 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаардык сотунун судьясы И.Н.А. жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Башкы прокуратуранын сунушу каралды.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгүндө, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында жана 41-беренесинин 2-бөлүгүндө, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында, 41-беренесинин 2-бөлүгүндө, 342-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө КР Башкы прокуратурасынын сунуштары каралды.

"Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамаларын угуп, корутундуларын талкуулап, Бишкек шаардык сотунун судьясы И.Н.А. жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштамаларын канааттандыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

КР президентине жогоруда аталган судьяларды кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий