• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкектин Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы өтмөк текшерилди

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков Чыгыш автобекетинен жанында жайгашкан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер алдындагы өтмөктө текшерүү жүргүздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө аким жер алдындагы өтмөктүн учурдагы абалына баа берип, шаардыктар менен баарлашты.

Ошондой эле ал коомдук транспортту жылдыруу жана шаар тургундарынын шарттарын жакшыртуу боюнча суроолорду талкуулады. Аким бул долбоордун шаардагы ыңгайлуу жана экологиялык таза транспорттук байланышты камсыздоо үчүн маанисин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктө оңдоо иштери жүргүзүлүп, брусчатка төшөлүп, күндүзгү жарык берүү, жалпы тазалоо иштери, ошондой эле жер алдындагы тепкичтерди жана дубалдарды жуу иштери жүргүзүлгөн.

Жер астындагы өтмөктүн санитардык абалын Чыгыш автобекетинин администрациясы көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий