• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ага Хан өнүктүрүү фонду менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ага Хан өнүктүрүү фонду кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, меморундумга кечээ, 20-июнда министр Бообек Ажикеевдин Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Давлетсултон Доргабекова жана дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал менен жолугушуу аземинде кол коюлду.

Аталган меморандумдун алкагында фонд министрликтин Нарын облусундагы башкармалыгын компьютердик жана техникалык жактан жабдуу, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү, табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алууда керектүү техникалар, компьютерлер менен жабдуу, калкты кырсыктын кесепеттерин жоюга үйрөтүүдө колдоо көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий